Кыргыз тилин мектептерде өнүктүрүү боюнча форумда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз тилин билбеген бүтүрүүчүлөр аттестатты кантип алып жатканына кызыкты. 

"Кыргыз тилинде сүйлөй албаган этникалык кыргыздар бар. Францияда эне тилин билбесе, аттестат береби? Россияда орус тилин билбегендерге аттестат берилеби? Эгер эне тилиңде сүйлөй албасаң, кантип билимдүү болосуң? Эне тилиңди билбесең мектепке кандай максат менен барасың?" - деди Байсалов.

Айтымында, кыргыз тилине болгон талап күчөтүлөт. Ал үчүн алгач шарттар жана ресурстар түзүлөт.