Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз тилин мектептерде өнүктүрүү боюнча форумда кыргыз тили азырынча ийгиликтин тилине айлана электигин белгиледи.
"Кыргыз мектептер мурда деле артта калып келишкен. Учурдагы кыргыз тилдүү мектептер ошол убактагыдай эле оор абалда, туңгуюкта турушат. Биз аны көрүп турабыз. Билим берүү министрлиги "Алтын Казык" билим берүү программасынын ачылышын жасашты. Сингапурдун басмаканасы менен келишимге кол коюшту. Биз трансформацияны кыргыз тилдүү мектептерден баштайбыз.
Билим берүү, илим, интеллектуалдык приоритеттерди биринчи кезекте кыргыз мектептерине беребиз. Эгерде мурда китептерди англис тилинен орус тилине, андан кийин гана кыргыз тилине которушса, азыр англис тилинен дароо кыргыз тилине которобуз.
Биздин максат - көп тилдүүлүк. Баары өзүбүздөн көз каранды", - деди Байсалов.