Вебкамчылар кылмышкерлерби же артисттерби? Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында, вебкам-студияларын уюштурууга кылмыш жоопкерчилигин кароо боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Исхак Масалиев ушундай суроо узатты. 

"Вебкамчыларды жасаган иштерине карай кылмышкерлер десек болобу же артисттерби? Киного тартылып жатышпайбы", - деди ал. 

Ошондой эле виртуалдуу кылмыштар боюнча иликтөө жүргүзүү керектигин айтты. 

"Вебкамчылар ким өзү? Сойку эмес, денесин саткан жок. Киного тартылып, кийинип алып туруп кетип калат. Бул моралдык, абийирдик нерсе болсо керек. Биз жаштарды тарбиялоого көп көңүл бурушубуз керек. Вебкамчылар ким экенин айтыңыздар", - деди Масалиев. 

Жогорку Кеңештин тартип, коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков андай кыздарда мотив бар экенин, а киного тартылуу такыр башка нерсе экенин белгиледи. Айтымында, мыйзам долбоорунун алкагында вебкам-студияны жазага тартуу каралган. Ал эми кыздар киного тартылышканбы же башка мотив бар беле, аны кийин тергөө аныктайт.