Депутат Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин жыйынында вебкам-студиялардын кызматынан колдонгон эркектер жазасыз калып кетип жатканын билдирди. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш вебкам-студияларды уюштурууну кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорун карады. 

"Вебкам-студиялардын кызматынан колдонгон эркектерди жумуштан кетирүү керек. Биз аларды жумушсуз калтырып, кыздарды колдонгондорду соттошубуз керек да. А биз бир гана кыздарды жоопкерчиликке тартууну чечтик. Аларды аткаминерлер кабинетинде карап отурушат, ал үчүн акча төлөшөт, демек бул каржылоо", - деди Таштанбеков. 

 ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаев практика көрсөткөндөй, вебкам-студиялардын кызматын чет өлкөлүктөр колдонушаарын айтты. 

Таштанбеков кыздардын мобилдик капчыгына акча которуу аларды каржылоо катары кабыл алынаарын белгиледи. 

"Бул кызматтан пайдалангандарды жоопко тартуу керек. Ошондо гана жыйынтык болот. Аны менен катар вебкам-студияларды уюштургандардан пара алгандардын да жоопкерчилигин карашыбыз керек", - деди депутат.