Серепчи Актан Ажымамбетов бийликтин ишин жергиликтүү бийликтеги мыйзамга баш ийбеген жетекчилер артка тартып жатат деп эсептейт. 

Ал мындай пикирин Аламүдүн районуна караштуу Садовое айылындагы ГЭС-3 жаңы конушунун 220га жакын түтүнү канча убакыттан бери жерин мыйзамдаштыра албай келаткан маселелен улам билдирди. 

Эске салсак, аталган конуштун тургундары бир нече жолу тийиштүү кызматтарга кайрылышкан. Бирок аларга кызыл китеп алууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Анын себеби катары тийиштүү кызматтар конуштагы жер алдынан газ трубалары өткөндүгү менен байланыштырышкан. Ошол эле убакта адистер ал түтүктөрдө газ эчактан бери жоктугун, ошондуктан ал жерге адамдарга жашоого уруксат берилгенин айтып келишүүдө. 

"Жергиликтүү жетекчилердин иштебегени президентке, УКМК төрагасына да белгилүү болуп баштады. Анткени эл тийиштүү кызматтарга, жергиликтүү бийликке кайрылып, маселесин чече албаса айласы кеткенден президентке, УКМК төрагасына, МинКаб төрагасына кайрылып жатышат. Жергиликтүү жетекчилер эртең ишимди тапшырып кете берем да дегендей кайдыгерлик менен иштешкендей туюлат. Анын үстүнө коррупцияга да аралашып алган болуу керек. Ошондуктан маселени чечейин десе тигилердин тыйынын алып койгон, чечпейин десе эл талап кылып атат. Ошентип эки оттун ортосунда создуктуруп жүрө беришет. Мен коррупцияга каршы биримдиктин төрагасы болгондуктан, көп маселелер менен жарандар кайрылышат. Мен аларга жергиликтүү бийликке кайрылгыла, алар мамлекеттин эсебинен айлык алып отурушат, маселеңерди чечүүгө тийиш деп жөнөтөм. Эгер алар чечпесе, анда тепкич менен улам жогорку тараптагыларга кайрылуу керек дейм.

ГЭС-3төгү газ түтүктөрү боюнча элдин нааразычылыгы дагы коррупциядан улам келип чыкты. Эл президент менен УКМК төрагасына ушул маселе боюнча кат жолдошкон экен, ал жактан "чечкиле" деп жергиликтүү бийликке кайтарылган экен. Дагы да чечилбегендиктен эми эл кайрадан президентке кайрылууга аргасыз болушту. Бул жергиликтүү жетекчилердин жоопкерчиликсиздиги, коррупцияга аралашканы да. Элде ошондой ой пайда болуп жатат. Бир кезде президент "сөзсүз эл боз үй тигип, ызы-чуу салып мени чакыртканда гана маселени чечесиңерби", - деп эки акимди иштен алды эле. Бул дагы башка жетекчилерге сабак болбоптур.

Аталган конуштун тургундары коммуналдык тейлөөлөргө акы төлөп келатышат. Башка жактан акча алышат, а бирок кызыл китеп берээрге келгенде мыйзамсыз болуп калабы?" - дейт серепчи.