Жаза аткаруу кызматы “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору, төрт айдан бери тергөө абагында отурган Махабат Тажибек кызынын сабалганы тууралуу маалыматтарга комментарий берди.
Мекеме журналист Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген. Маалыматка караганда, 5-апрелде Махабат Тажибек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда тергөө абагында отургандар кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, каршы чыгышкан.
"Тажибек кызы, башка соттолуучулар менен бирге абактагы аялдарды дагы нааразычылыкка жана баш ийбөөгө чакыра баштаган. Аталган факты белгиленген тартипте каттоого алынган. Медициналык кароодон өткөндө Махабат Тажибек кызынын колунда жана билегинде кызарган тактар аныкталган. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында камералаштары өзүнүн өтүнүчү боюнча сабап, атайылап ырайымсыз мамиле жасашканы аныкталган", - деп жазылган Жаза аткаруу кызматынын маалыматында.
Аталган мекеме кызматкерлер айыпталуучуну уруп-сабаган жана психологиялык басым жасаган учур болбогонун жазган.