Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты. Мындай чечим комиссия мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынды.
Буга чейин Жогорку сот Атазовду мандаттан ажаратуу боюнча эки инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Эске салсак, 2022-жылдын февраль айында Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо Абдурахман Муртазалиев көп добуш алып, алдыга чыккан. Бирок ал добуш сатып алууга айыпталгандан кийин БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган жана Административдик сот тарабынан дагы ушундай чечим кабыл алынган. Кийинчерээк бул чечим Жогорку сот тарабынан колдоо тапкан. Биринчи талапкер жокко чыгарылгандан кийин анын ордуна добуш топтоо боюнча экинчи орунда келген Жогорку Кеңешке Шайлообек Атазов депутат болуп шайланган.