4-майда  УКМК менен Ош ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери биргеликте, "Йакын-Инкар"диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрүнүн жашаган даректеринде тинтүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйынтыгында 76 материал табылып, 51 китеп, 10 жарнамалык журнал, 2 телефон, 3 DVD диск, 3 кассета, 5 флеш-карта алынды.

Табылган китептердин айрымдары КР аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымына таандык. Мындан улам, алынган предметтер КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча "Йакын Инкар" диний - экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнө карата КР  Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кыймылдын А.А. аттуу мүчөсү  «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, мындан ары аталган уюмга мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тартты.