Интернет социалдык түйүндөрүндө алтын куймалары бар кандайдыр бир жүк тууралуу чагымчыл видео таралууда. Анда белгисиз адам куймалар Кыргызстандын саясий жетекчилиги менен туугандык байланышы бар адамдарга таандык экенин айткан.

УКМКнын билдирүүсүндө "колдо болгон маалыматтар боюнча, бул чагымчыл видеотасманы даярдоого республиканын чегинен тышкары жүргөн, аларга карата мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон айрым жарандар тартылганы" белгиленген.

"КР УКМК азыркы учурда деструктивдүү күчтөр социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратууга багытталган максаттуу маалыматтык иштерди жүргүзүп жатканын, анын максаты Кыргыз Республикасында жетекчиликти каралоо жана коомдук саясий терс пикирди жаратуу экенин белгилейт. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери республиканын стабилдүүлүгүнө жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө потенциалдуу коркунуч туудурат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн.

КР УКМК жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганын, интернет колдонуучуларды бул факты боюнча чагымчыл сөздөрдү таркатпоого чакырат. Ошондой эле атайылап жалган маалымат таратууга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.