УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында, кылмыштуу чөйрөдө коңшу мамлекеттер менен баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган «Шрек» каймана аты менен белгилүү болгон баңгибарон кармалганын маалымдады.

Анда айтылгандай, 29-апрелде Ош шаарында Я.М.М. аттуу кыргызстандык кармалган. Жанынан 1 кг салмактагы «Гашиш» баңгизаты табылып, алынды. Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, Я.М.М. Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат жана баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт. Ал эми кылмыштуу иштерин уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген. Мындан тышкары, Я.М.М. уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Россия Федерациясынын аймагында героин түрүндөгү наркотикалык каражаттарды сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Белгилей кетсек, КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү улантууда.

"Жогоруда аталган Я.М.М. аттуу жарандын  кылмыштуу иш-аракеттеринен жабыр тарткандар болсо Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине: 0312 660475, 0312 626504, 03222 70009 байланыш номурлары аркылуу кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.