УКМК 2024-жылдын март айында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы "Жашыл Учкун" муниципалдык ишканасында финансылык мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар алынганын маалымдайт.
""Жашыл Учкун" МИнин эки банктык эсеби бар ("Доскредобанк" ААКта - негизги эсеп жана "РСК банк" ААКта - атайын эсеп), мында жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар атайын эсепке чегерилет. 2023-жылдын август айында Учкун а/а жооптуу адамдары жайыт төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу максатында негизги эсептен 260 миң сом алып, элден чогулган каражат катары атайын эсепке киргизишкен. Аталган адамдар иш жүзүндө бүтпөй калган жайыт жерлеринде ар кандай оңдоо иштерин жүргүзөбүз деген шылтоо менен 260 миң сомду негизги эсептен чыгарып салууга аракет кылышкан", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, мыйзам бузуулар тууралуу маалыматты текшерүү боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзгөн. Жыйынтыгында, 2024-жылдын 18-мартында Нарын районунун Учкун айыл аймагынын башчысы, 1975-жылы туулган Ө.Э.М, УКМК кызматкерине текшерүү иш-чараларын токтотуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда КР Кылмыш Жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кармалды.
Аталган Ө.Э.М. Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Нарын шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.