Бүгүн, 23-мартта Азербейжандан келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү Бишкекте УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду. 

Кылмыштуу дүйнөдө "селсаяк" статусуна ээ М.О.Асгаров баштаган 5 адамдан турган топтун Кыргызстанга келүүдөгү башкы максаты уюшкан кылмыштуу топ менен күрөштү баштап берген өлкө жетекчилигине кол салууну ишке ашыруу экени айтылды. 

2023-жыл Кыргызстан үчүн тазалануунун жылы болду. Бул бардык жаатка тийиштүү: коррупция, уюшкан кылмыштуулуктун тамырын кыркуу буга чейин болуп көрбөгөндөй чечкиндүүлүк менен уланды. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "мындан ары өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор, клан, мафия болбой, баары мыйзам чегинде гана жашаарын" катуу белгилеген. 

Нечен жылдан бери мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлмак тургай, эч ким тик карай албаган Камчы Көлбаевдин "легендарлуу" кылмыштуу тобу башчысы жок кылынаары менен чилдей тарады. Айрымдары кармалып, мыйзамдуу жазасын алышса, бир даары бандиттик идеясынан баш тартып, жай тиричиликке өтөөрүн камера алдында калың элге убада кылышты. Кылмыштуу топтордун Дженго, Тайсон өңдүү лидерлери, "смотрящийлери" темир тор артына кетишти. Андан башка толтура майда мүчөлөрү өлкөнүн ар кайсы аймактарынан күн алыс кармалып жатышты. 

Кыргызстан бийлигинин мындай чечкиндүү аракети жалпы Борбордук Азияга таасирин тийгизди. Өзбекстан дагы кылмыштуу топторго каршы күрөшүн баштап, биринчилерден болуп, өткөн жылдын 1-декабрында, кримчөйрөгө байланышы болгону менен ушул кезге чейин мыйзамсыз аракеттерине жооп бербей келген ишкер, "Салим байбача" каймана аттуу Салим Абдувалиев камалды. Андан кийин 5-декабрда өзбек кылмыштуу дүйнөсүнүн бир катар "дөө-шаалары" - "Саидазиз Медгородок", "Бахти Ташкентскийдин" колуна кишен салынды. Көп узабай кылмыштуу дүйнөнүн  "Борз" каймана аты менен таанымал лидерине таандык топтун 22 мүчөсү бир күндө кармалды. 

Өткөн жылдын соңунан тартып Казак өлкөсү дагы кылмыштуу топтордун тизгинин тартууга киришти. Коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары кылмыштуу топторго тузак жайылуунун себебин Кыргызстанда Камчы Көлбаевдин жок кылынышына байланыштырышууда. Казакстандын Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарында мыйзамсыз иштерди жүргүзгөн кылмыштуу топтордун 30 мүчөсү бир күндө кармалган. Көп өтпөй масштабдуу операциянын жүрүшүндө дагы 72  бандит колго түшкөн. 

Ошентип, Кыргызстандан башталган уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш Борбордук Азия өлкөлөрүнө кулачын жайды. Андан ары мурдагы постсоветтик өлкөлөргө өтүшү толук мүмкүн эле. 30 жылдан ашуун убакыттан бери мыйзамсыздыктын сазына батып, бирок аны менен белсенип күрөшүүгө күч таппай турган өлкөлөргө Кыргызстандын чечкиндүүлүгү жугуштуу болуп жатпайбы. Мына, ушул жагдай жалпы мурдагы СССРдин курамынан чыккан өлкөлөрдү каалагандай калчап көнгөн кылмыштуу топтордун тынчсыздануусун жаратты. Аларда бул абалдан чыгуунун, баштагы таасирин сактап калуунун бир гана жолу болгон - күрөштү баштаган башатты бууп салуу, башкача айтканда, Кыргызстан жетекчилигин жок кылуу. Дал ушул максатты ишке ашыруу үчүн Азербейжандан келген кылмыштуу топтун өкүлдөрү УКМК тарабынан кармалды. 

Башка өлкөнүн бандиттерин аттап-тондоп өз өлкөсүнө жөнөткөн "ийри жылан" тууралуу кеп, ал өзүнчө...