2024-жылдын 20- мартында Юстиция министрлиги 17 талапкерге нотариалдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензияларды тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Юстиция министринин орун басары О.Сыдыков белгилегендей, бардык талапкерлер жаңы форматтагы квалификациялык сынакты ийгиликтүү тапшырышты.
Эскерте кетсек, сынак компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлүп, ага 130 талапкер чакырылган 98 талапкер катышкан.
Экзамендин жыйынтыгы боюнча 17 адам тапшырманы ийгиликтүү аткарып, 70% же андан көп туура жооп алган.
Белгилей кетсек, «Нотариат жөнүндө» КР Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө лицензияны биринчи жолу алган адамдар ант беришет.
- Категория: Коом
- Просмотров: 277
Кыргызстандын нотариаты өз катарын жаңы мүчөлөр менен толуктады