2024-жылдын январь-февралында вирустук гепатит оорусуна чалдыккандардын саны 3,6 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Башка аймактарга караганда вирустук гепатит Жалал-Абадда 26 пайызга, Нарында 23,1 пайызга азайды.

2023-жылдын биринчи эки айына салыштырмалуу бруцеллез оорусунун 1,4 эсеге, сифилис 1,7 эсеге, курч респиратордук-вирустук инфекциясы 4,5 пайызга көп катталды.