Бишкекте жаш баланы порнобизнеске тартууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактоо жана жайылтуу фактылары ачык түрдө коомдук веб-сайтта жана даркнетте да аныкталган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында балдар порнографиялык мазмунун камтыган бул сайттар түзүлүп, таратылып жатканы аныкталган. Анализдин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында мындай сайттарды түзүүгө жана жайылтууга жооптуу адамдар тууралуу маалымат алынган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине (Баланы порнобизнеске тартуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Бул сайттарга кирүү крипто-транзакциялар аркылуу ишке ашырылып жаткандыгы, накталай акча алуу Кыргыз жарандарынын катышуусу менен жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринен техникалык жабдуулар, персоналдык компьютерлер жана ага тиешелүү тетиктер табылып, алынган. Стационардык компьютерлердин биринде жайгашкан программалык камсыздоону жана файлдарды алгачкы текшерүү учурунда балдардын порнографиялык материалдарды камтыган файлдар да табылган. Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, алардын аракеттерине юридикалык баа берүү максатында кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Учурда тергөө иштери уланууда.