Кыргызстандын тайбокс (муай-тай) боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатында 15 медаль утканын Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, 15 медалдын ичинен тогузу алтын, үчөө күмүш жана үчөө коло.
Дүйнө биринчилиги Таиланддын Бангкок шаарында 12-20-март күндөрү өттү.
Алтын медаль ээлери:
Алия Саадаева — 48 кг;
Диана Зайнитдинова — 51 кг;
Милана Шихабекова — 51 кг;
Аделя Асылбек кызы — 60 кг;
Альберт Бактыбеков — 57 кг;
Мухаммедали Алиев — 60 кг;
Мухабат Орозбекова — 67 кг;
Елазан Замирбекова — 57 кг;
Никита Цой — 60 кг.
Күмүш медаль ээлери:
Ихтияр Каныбеков — 63.5 кг;
Арина Барабанова — 60 кг;
Ахмед Ашурбеков — 67 кг.
Коло медаль ээлери:
Болотбек Алимырзаев — 54 кг;
Ильяс Абдулин — 54 кг;
Адилхан Акмолдоев — 71 кг.
Курама команда машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дильшат Даутов жана Олег Цойдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.