Ыйык рамазан айында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ооз ачаар убактысы болуп, үйлөрүнө кечигип, жетишпей жаткан айдоочуларды жолдон токтотуп, соопчулук үчүн курма, суу жана таттууларды таратышты.

Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Кызматкерлердин бул жакшы иштерине айдоочулар да рахматын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Урматуу Кыргызстандыктар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ыйык Рамазан айы менен куттуктап, баардык айдоочуларды Рамазан айында сабырдуулукка жана жол эрежелерин так сактоого чакырат