Бүгүн, 20-март күнү борбор калаадагы “Дасмия” ресторанынын  “Хан-Теңир” этнокомплексинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата, аталардын баркын көтөрүп, урматтоого, кыргыз элинин санжырасын, каада-салтын, нарк, насилин жеткирүүгө арналган масштабдуу иш чара өтүүдө.

Дасмия этно борбор комплексинде «Аталар сөзү» коомдук долбоору талкууга коюлуп,
алгачкы бет ачарына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, долбоор демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев жана башка бир катар кыргызга төбөсү көрүнгөн инсандар катышып жатат.

Ошондой эле бул иш чаранын алкагында “Аталар” күнүн белгилөө боюнча 40 уруунун башчыларынын катышуусунда коомдук талкуу да  болмокчу. Аталарды даңктоо боюнча ак таңдай акындар төгүп, манасчы, ырчы чоорчулар баш болгон жоон топтун катышуусунда маданий иш чара менен коштолот.

Ал эми саат 12:00дөн тартып “Дасмия” этно комплексинде Улуттук оюндар ойнотулуп, 1 тонна 200 литр сүмөлөк кайнатылат.

Иш-чараны өткөрүүнүн максаты  үй-бүлө институтун жандандыруу, үй-бүлөдөгү атанын ордун бекемдөө болуп саналат.

Эффективдүүлүгү жагынан:

1. Аталар күнүн белгилөө, эл тарабынан чоң кубаттоого ээ болот.
2. Үлгүлүү үй-бүлө кербенин коомго жайылтуу.

Белгилей кетүүчү өзгөчө жагдай, быйыл Нооруз майрамы мусулмандардын ыйык Рамазан айына туш келүүдө. Адистердин эсептөөсүндө, бул жүз жылда бир туш келе турган сейрек көрүнүш болуп саналат. Ошондой эле 2024-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленүүдө. Мындан тышкары коомдук активисттердин сунушу менен “Аталар күнүн” белгилөө демилгеленип, тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке депутат Медер Алиев тарабынан сунушталууда.

Баардык бүгүнкү иш чаралардын демилгечиси “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана журналисттер Нургазы Анаркулов, Элнура Кулуева жана Аманбол Бабакуловдор болуп саналышат.

Булак: Бүгүн Евразия