Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси  УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-мартында КР УКМК тарабынан башкармалыктын кызматкерине пара берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары Б.Т.А. жана башкы адиси С.Б.А. кармалды. 

УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактабагандыгы аныкталган.

Бул мыйзам бузуулар жогоруда аталган кызматкерлерди кызматсыз калтырышы мүмкүн болгондуктан, алар УКМК кызматкерине 30 миң сом пара сунушташып, ошону менен ишти жаап койгулары келген.

Алар УКМК кызматкерине "Mbank" электрондук эсеби аркылуу 30 миң сом которгону аныкталып, шектүүлөр кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда бул кылмышты жасоодо Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башка кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.