Кечээ, 18-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматына берилген жаңы техникалар менен таанышып чыкты. Ал булардын баары президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен сатып алынганын, өлкө башчысы чек арачылардын шартын жакшыртуу тапшырмасын койгонун айтты. 

Ошону менен бирге Ташиев чек арачыларды техникаларды абайлап пайдаланууга чакырды. 

"Жабдыктага абайлап, этияттап мамиле кылгыла. Сындырбай тургандай мамиле кылууну талап кылам. Өзүңөрдүн буюмуңардай карагыла. Сиздер мекенге берилип кызмат кылышыңыздар керек.

Чек арачылар өлкөнү коргоп турушат, Кудай сактасын, кокус бирдеме болуп кетсе биринчи сокку сиздерге урулат. Ошондуктан сиздердин ишиңиздерди жакшыртуу чараларын көрүп жатабыз", - деди Камчыбек Ташиев. 

УКМК төрагасы чек арачылардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүү экенин, ар бирин турак жай менен камсыздоо кыйынчылык жаратып жатканын белгиледи. 

"Бирок ага карабай бул маселени чечебиз. Жыл сайын көп үйлөр курулуп, шарттар жакшырып, айлык акы көбөйүп жатат. Мурдагы жылы да, өткөн жылы да айлыктар көтөрүлдү, бул жылы да карап көрөбүз", - деди Ташиев чек арачыларга кайрылып.