Бүгүн, 2024-жылдын 18-мартында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары -  УКМК төрагасы генерал-лейтенант  Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнө барып, УКМКнын Чек ара кызматына сатылып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдыктар  менен таанышып чыкты.

Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Төраганын биринчи орун басары - УКМК Чек ара кызматынын директору  генерал-майор Уларбек Шаршеев генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевге чек араны кайтарууга алган тарамдарды камсыздоого алуунун алкагында ооруктук мүлк жана атайын техника алуу үчүн чек ара ведомствосуна республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөндүгүн баяндады. 

Чек ара кызматынын тарамдарын камсыздоо иш-аракетинин алкагында бул сатылып алынган аскердик-техникалар чек ара тарамдарына жөнөтүлөт. 

Өз кезегинде Камчыбек Ташиев өлкө жетекчилиги жана ведомство тарабынан  УКМКнын Чек ара кызматынын  алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруусу  үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Возможно, это изображение 5 человек и текстВозможно, это изображение 3 человека и текстВозможно, это изображение 11 человекВозможно, это изображение обслуживающее транспортное средство, фургон и текстНет описания фото.Возможно, это изображение обслуживающее транспортное средствоВозможно, это изображение текстНет описания фото.Возможно, это изображение 1 человекВозможно, это изображение 2 человека и текстВозможно, это изображение 7 человекВозможно, это изображение 3 человека и текст