17-мартта Боспиек айылында Аксы окуясында каза болгондорду эскерүүгө маркумдардын жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жабырлануучулар ошол кездеги бийликтин куралсыз элге ок атканына укуктук баа берилген жок деген пикирин айтышты.

"Аксы окуясына түз эле Аскар Акаев күнөөлүү болсо, аны өлкөгө эркин киргизип жатканы бизди кыжырлантып жатат. Ал эми кайсыл учурдагы бийлик болбосун 22 жыл бою күнөөлүүлөрдү жазага тарта алган жок. Биз азыр да ошондогу окуяга күнөөлүүлөрдү жазасын алсын деп келебиз", - деди Аксы окуясында каза болгон Сатинбай Үркүнбаевдин жубайы Бүайша Базарбаева.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров да Аксы окуясынын 22 жылдыгына байланыштуу элге кайрылуу жолдогон. Анда "бийлик бул каргашаны унутпаганы, элдин бакубат жашоосу үчүн кызмат кылып жатканы" айтылган.

Былтыр майда мурдагы президент Аскар Акаевдин Бишкекке келгени коомчулукта талкуу жараткан. Бул боюнча президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде түшүндүрмө берип, Акаевдин камалбашына кепилдик берилип Бишкекке чакырылганын, андан Кумтөр боюнча көрсөтмө алынганын, буга чейин ага эч кандай кылмыш иши козголбогонун айткан.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Алар - Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратов, Сатинбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

2017-жылы 17-март - Аксы окуясынын курмандыктарын мамлекеттик деңгээлде эскерүү күнү деп жарыяланган.