УКМК кабарлагандай, 2024-жылдын 11-мартында жашы жете элек балдарга диний сабактарды берген жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.
"1998 – жылы туулган, диний билими жок КР жараны М.Х.А. жашаган жеринде диний сабактарды уюштургандыгы, 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга (12 бала), сабактар күн сайын саат 09:00-12:00дөн тартып өткөрүлгөндүгү, сабактар өткөрүлгөн жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келбегендиги (жараксыз жана салкын бөлмөлөр), колдонулган адабияттар Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармасы тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепте окушкан эместиги аныкталган", - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында КР жараны М.Х.А.га карата "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" КР Мыйзамынын 8, 10-беренелерин жана "Укук бузуулар жөнүндө" КР кодексинин 142-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу жөнүндө актылар жана протоколдор түзүлүп, 7500 сом айып салынды.
Мындан тышкары жашы жете элек балдардын, окуучулардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан орто мектептерде жашы жете элек балдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.