Депутат Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында "Кристалл" заводунда уулуу заттардын калдыктары бар экенин кабарлады.
Эске салсак, "Кристалл" ААКсы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого пайдаланылганы аныкталгандан кийин КР УКМКнын аракети менен ал жеке менчиктен мамлекеттин менчигине кайтарылган болчу.
"Заводдун мамлекетке кайтарылганы жакшы. Бирок ал жакта 80 тонна трихлорсилан аттуу уулуу зат жатат. Аны бирдеме кылбаса болбойт. Заттын кайноо температурасы болгону 37 градус, көмүрдө дагы 45 градус болот. Жок кылуу керек. Завод мамлекетке өткөндөн соң муну мамлекет кылууга тийиш", - деди Сулайманов.
Белгилей кетсек, аталган завод Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында жайгашкан.