12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, "Арча Медиада" (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, "Нур пресс" медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, журналисттер Актилек Капаровду, Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин камакта калтырган чечим чыгарды.

Журналист Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан чыкты. "Темиров LIVE" редакциясынын, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкты.

Айрым маалыматтарга караганда, камалган 11 журналисттин үчөө гана бул кесипке түз тиешелүү болуп чыккан. Калгандарынын кесиби башка же эч кандай кесиптин ээлери эместиги белгилүү болгон.