Соцтармакка Аксы районунун тургуну, 2002-жылы болгон Аксы окуясынын катышуучусу Ыктыяр Абдраимов видео кайрылуу жарыялады. Анда жаран эки жүздүү саясатчыларды колдоонун кесепети канчалык болоорун айткан.
"Бир видео көрүп, жаным чыкканынан айтып жатам. Ыйык Орозо айында анча-мынчалар митинг уюштуруп, мамлекеттин тынчтыгын бузабыз деп атасыңар. Тактап айтканда карасуулук туугандар (Аксы районундагы Кара-Суу айылынын тургундары тууралуу кеп болуп жатат, А.Бекназаровдун кичи мекени) чыгып, дагы эле Азикени ак, периште кылып атасыңар. Азимбек Бекназаровду убагында колдоп чыкканбыз, Акаевдин бийлигинен 6 азаматыбыз ок жеп өлдү, 27 киши, арасында мен да бармын, жарадар болдук. Эл Бекназаровду түрмөдөн чыгарды, алып келип керек болсо бийликке койду, башпрокурор кылды. Башпрокурор болоордо Аксы окуясына чекит коем, күнөөлүүлөрдү жоопко тартам деди, бирок алар менен соодалашты, өзүнүн чөнтөгүн кампайтты. Эми элди ойлобогон, өзүнүн чөнтөгүн ойлогон аны колдомуш болуп каласыңар да. "Уят болбойлу, эли жок экен дешпесин, колдоп койгула", - дегениңерди да угуп жатабыз. Бизге ал киши эмне кылып берди? Жол салып, же көпүрөгө бир мык кагып бердиби? Ал үчүн чыккан биздин ден соолукту бир сурап койдубу? Жыл өткөн сайын алган жарааттан улам баш ооруйт. Баш оору саясатчыларды такыр колдобогула! Эки жүздүү саясатчыларды! Мен Азикени так айта алам: ал эшеги ылайдан өткөндөн соң кайрылбайт, абалыңды сурабайт!" - деген ич күптүсүн Азимбек Бекназаровдун бир кездеги тарапташы чыгарып алды.