Жакында соцтармактарда Абас Муратов аттуу тамада видео жарыялап, анда Мамлекеттик ипотекалык компанияга барып, консультация алгандан кийин буга чейин мамлекеттик ипотека тууралуу айтылып жаткан расмий маалыматтардын баары "жөн гана сөз" экенин көзү жеткенин айткан. 

"Расмий иште иштейсиңби же расмий эмес иштеби, бардык жарандар үй ала алышат дегендер жөн эле сөз экен. Көбүрөөк бул жакка келип, маалымат алышсын дегендей кылып эле чакырышат окшойт", - деген тамада. 

Аны бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов өзү кабыл алды. 

Шыкмаматов менен сүйлөшүү учурунда видео жарыялаган жаран консультация алууга түшкү тамактануу убакка жакындап калганда келгенин, кызматкердин толук кандуу түшүндүрүүгө убактысы жетпей калганын ачык айтты. 

"Түшүнбөстүктүн айынан ошондой маалымат чыгарып жибердим", - деди ал. 

"Мыйзам бар: такси айдайсыңбы, базарда иштейсиңби, мигрант болосуңбу, курулушта иштейсиңби же сен сыяктуу тамада болосуңбу, соцфондко айлыгыңдан акча төлөсөң, мисалы, тамада болсоң патент алып иштесең, ипотека ала аласың. Калптын баарын айтып коомчулукка таратпаш керек", - деди Алмамбет Шыкмаматов.