"Манас" эпосунун Мар Байжиев жазган версиясы балкар тилине которулду. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, китептин бет ачары 6-март күнү Россиянын Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында өткөн.

Котормону Кыргызстанда туулуп-өскөн Сакинат Мусукаева ишке ашырса, китепти чыгарууга Россиянын Карачай-Черкесия Республикасынын эл акыны, "Минги-Тау" адабий журналынын башкы редактору Аскер Додуев көмөк көрсөткөн.

Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилитиги бириктирилип орус тилине эркин которулган Мар Байжиевдин "Манас тууралуу баян" китеби 2010-жылы жарыкка чыгып, бир катар тилдерге которулган.