Эртең, 12-мартта саат 9.00дөн 18:00гө чейин Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламүдүн суусу, темир жол менен чектешкен аймакта жана Октябрь көчөсүндө ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.
Суу «ХБО» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөрү айтылды.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.