Социалдык түйүндөрдө Раим Матраимов акча таратып, элди митингге чыгарууга аракет кылып жатканы тууралуу сөздөр кеңири жүрүүдө. Негизи, өлкөдөн сүрүлгөн ууру-кескилер биригери буга чейин айтылып жаткан. Биригиши да мыйзам ченемдүү көрүнүш экени барыбызга маалым. Анткени, коррупцияга каршы күрөштүн запкысын тартып, уурулук жасаган "кормушкасы" менен катар чоң байлыгынан айрылып калгандардын бир тобу сыртка сүрүлдү. Алардын бийлик бутагын тамырлаган жемкорлук мафиясынын тамыры кыркылды. Ондогон жылдан бери кураган империясынын бир заматта кулап калганына ичи күйгөндөр эч качан жөн калбайт. Сыртта каткан каражаты менен сокку урганга сөзсүз аракет кылат.
Мунун алгачкы үрөндөрү себилгенин А.Бекназаров, М.Аспеков, И.Шаменовду колдогон митингдерден байкоого болот. Бирок элдин баарын акчага сатып алуу мүмкүн эмес экенин түшүнбөй жатышат. Жалпы журттун нааразычылыгы жок, жалаң акчанын күчү менен эч качан тополоң жасалган эмес. Албетте, турмуш чындыгын билбеген акчалуу нойондор ага карабастан өлкөдө тополоң уюштурууга акыркы аракеттерин көрөрү турган иш. Мамлекетке кайрадан коррупциялык империясын орнотуу үчүн болгон күчүн жумшайт. Максатына жетиш үчүн нааразы топторго "токоч" карматып, элди көбөйткөнгө бар күчүн үрөйт. Муну тээ алыста жаткан айылдагы адамдар деле билип калды.
Асыресе, бир чындык бар, эл мурдагыдай ишенчээк эмес. Ар бир кадамды талдап, үстү-башын карап калган. Кимди ээрчип, кимге далысын салышты билет. Дегенибиз, Раим миллиондун сыртта каткан акчасы миттингге деген шылтоо менен өлкөгө кайтканы калды. Ал элден уурдалган акча экенин бүт коомчулук билет. Кыйды максатын ишке ашыруу үчүн өзү алып келип элге таратканы турат. Андан баш тарткан болбойт, берип жатса алыш керек. Бирок, митингге келгенде талдоо жасаганга милдеттүүбүз. Өлкөбүз бирөө. Миң сом үчүн таш кесек көтөрүү акылсыз кадам болот. Жемкорду бийликке алып келүү - мамлекетти талкалоого барабар экенин ар бирибиз түшүнүшүбүз кажет!
Зулпукаар Сапанов, журналист