Бүгүн, 4-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 753 млн куб метрди түзгөнүн “Электр станциялары” ААКдан билдиришти.
Анда айтылгандай, суунун агып келиши секундасына 162 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 759 куб метрди түзүүдө.
Энергетиктер керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.