УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте аймактагы кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууну аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Ош шаарынын бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында тиешелүү лицензиясы жок кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзгөн мекемелерди, тактап айтканда, “Русский лото”оюндары уюштурулгандыгын аныктады.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2024-жылдын 29-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кумар оюндарын уюштуруучулары А.у.А. жана У.K.A. кармалып, аталган жайлар мөөр басылып жабылган.