Социалдык фонд "Мамлекеттик социалдык камсыздардыруу жаатындагы бир катар мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Бактияр Алиев vb.kg басылмасына берген маегинде билдирген.
Айтымында, бул биринчи кезекте пенсияга чыгуу процедурасын жөнөкөйлөштүрөт. Пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү камсыздандыруу стажын жана 1996-жылдын 1-январынан тартып ишке кирген персоналдык каттоого чейинки кызматкердин айлык акысынын өлчөмүнөн башталат. Бул үчүн тийиштүү документтерди, тастыктамаларды, эмгек китепчесинен үзүндүлөрдү жана башка 1996-жылга чейинки ар кайсы убактардагы 60 айдагы эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган документтерди көрсөтүү кажет. Айрым ишканалар ишмердүүлүгүн токтотуп коюшкандыктан аталган документтерди чогултуу айрым учурда мүмкүн эмес болуп калат.
"1996-жылга чейинки мезгилдеги камсыздандыруу пенсиясынын өлчөмү анчалык деле олуттуу эмес. Ал жалпы пенсиянын 10%ын гана түзөт жана анын жалпы пенсиядагы үлүшү жыл сайын азайып баратат. 1996-жылга чейин стажы бар адамдардын саны табигый себептерден улам азайып бараткандыктан, мындай пенсиялардын жок болуу процесси жүрүп жатат. Ошол эле учурда аны эсептөө Социалдык фонддун кызматкерлери үчүн да, арыз берүүчү үчүн да 90 саатка жакын убакытты талап кылат. Мунун баары айлап талап кылынган маалыматтарды чогултууга аргасыз болгон жарандардын нааразычылыгын жаратат.
Пенсияны дайындоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында 1996-жылга чейинки камсыздандыруу мезгилинде эркектер үчүн 17 жылды, аялдар үчүн 12 жылды калтырып, кийин жыл сайын эмгек стажын бир жылга кыскартуу менен эсептөө сунушталууда. Пенсиялардын бул түрлөрүнө болгон укукту аныктоонун белгиленген критерийлерине байланыштуу жеңилдетилген пенсияга жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укугу бар адамдар МЖСти эсептөөнүн жаңы формасына кирбейт", - деген Бактияр Алиев.