Депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында жарыктын өчүрүлүшү үчүн энергетиктерди сотко берүүнү сунуштады. 

Ал Кыргызстандын ар кайсы аймактарында акыркы убакта электр энергиясын берүү тез-тез үзгүлтүккө учурап жатканын белгиледи. 

"Акыркы учурда жарыкты дайыма өчүрүшөт. Энергетиктер баары жакшы деп айтып жатышат. Энергетика министрлигинде маалымат кызматы барбы? Эл менен иштейби? Эмнеге жарык өчүрүлөт деп алдын ала кабар беришпейт? Мындай боло берсе жарандар аларды сотко берсе да болот. Сотко бергенден кийин гана маселе чечилсе керек", - деди депутат.