ИИМ министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун тапшырмасын аткаруу максатында Коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын башчысы милициянын полковниги Сталбек Рахманов, бөлүм башчысы Таалайбек Алижанов жана бөлүм башчысы Нуржан Адылова иш сапары менен барып, алгач Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан “Бактылуу эне коомдук борбору” аттуу кризистик борборго барышты. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган борбордун жетекчиси Чынара Сыдыгалиевага ИИМ тарабынан даярдалган белектерди тапшырышты. Күнүмдүк керектелүүчү каражаттар, кийим-кече, гигиеникалык каражаттар, балдарга таттуулар, оюнчуктар жана азык-түлүктөр ИИМ министри Улан Ниязбековдун атынан каржыланып, кризистик борборду колдоо катары берилди. Борбордун шарты менен жеринен таанышып, алардын көйгөйлүү маселелерин талкуулашты.
Андан соң Балыкчы шаарынын мэриясында тегерек стол өткөрүлдү. Ага Ысык-Көл облусу боюнча Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Орунбай Кочкоров, Балыкчы РИИБдин башчысы Нурбек Калыкеев, мэр Азамат Анарбек уулу, социалдык педагогдор, билим берүү мекемеси жана социалдык коргоо кызматкерлери катышышты. Тегерек столдо үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу үчүн эффективдүү иш аракеттерди аткаруу зарылдыгы көрсөтүлдү. Зордук-зомбулукка учураган адамдарга тийиштүү өзгөчө мамиле жасоо керектиги белгиленди. Айрыкча алардын укуктарын коргоо учурунда кемчиликтер болуп жаткандыгын Чынара Сыдыгалиева айтьп чыкты. ИИМдин ККККнын башчысы Сталбек Рахманов ал жерде айтылган көйгөйлөр тууралуу чара көрүлөөрүн жана алар ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынаарын айтты. Андан тышкары тийиштүү кызматтарга талаптарды коюп, милициянын жарандык коомдор менен байланышты күчөтүүсү боюнча жана өзгөчө аялдар менен балдар аралашкан зордук-зомбулукка кылдат мамиле жасоо тууралуу тапшырмаларды берээрин билдирди.
Жыйындын соңунда милициянын көчмө кабылдамасына Балыкчы шаарынын жергиликтүу тургундары кайрылышты. Финансылык пирамидадан жабыркап, андан жыйынтык чыкпай жаткандыгын жана ИИМ тарабынан ал акчаларын өндүрүү боюнча жардам сурашты. ИИМдин КККК башчысы Сталбек Рахманов жана Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Орунбай Кочкоров аларга юридикалык кеңештерди беришип, мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрүн билдиришти.