Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 20-февралда каралып, анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды.

Бүгүнкү комитет жыйынынын күн тартибинде бул мыйзам долбоорун кароо жок болчу. Демилгечи Надира Нарматова жыйын башында сунуш киргизип, айрым депутаттардын жана коомчулуктун пикири эске алынган вариянттын кароону суранды. Жыйынтыгы көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоорундагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.

14-февралдагы комитет жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорундагы кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап, артка кайтарылган.

23-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоп, парламенттин жалпы жыйынына жөнөткөн.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.