Ысык-Көлдүн Тоң районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда президент Садыр Жапаровдун Балыкчы шаарында аталган шаардын, Тоң районунун жана Кочкор районунун тургундары менен жолугушуусунда маалым болду. 

Тургундар радиациялык коопсуздук боюнча адистерге суроолорун беришти. Марат Акатов аттуу тургун Кыргызстандагы радиациялык фондун нормасы канча экенине жана Таш-Булак кениндеги сууларды турмуш-тиричиликке колдонууга болоор-болбосуна кызыкты. 

Адис Эсенжан Мусурманкулов радиациялык фон жалпы дүйнөдө бардыгын белгиледи. 

"Андай фон жок жердин өзү жок. Табигый уран сууда, жер кыртышында, ташта, ал турмак денебизде дагы бар. Дозасы 30 мкг норма болуп эсептелинет. Мен быйыл 72 жашка чыгайын деп калдым. Өмүр бою жогорку радиациялык фондордо иштедим. Өзүмдү жакшы сезем", - деди. 

Дагы бир адис Марс Токтоназаров Таш-Булак кениндеги булактар техникалык суу экенин, тиричиликке колдонууга болбой турганын эскертти. 

Президент Садыр Жапаров кен  зыянсыз экени изилденгенден кийин гана Кызыл-Омполду иштетүүнү чечишкенин белгиледи. 

"Популисттик кадамдарга барбаш керек. Терең изилдеп, зыян болсо, айтып токтотуу зарыл. Мен өзүмө душмандык кылгым келбейт. Элге айрыкча. Мен мындан ары да ушул жерде жашайм, бала-чакам, небере-чөбөрөм жашайт, аларга душмандык кылгы келбейт. Эгерде зыяны болсо, ачык эле болбойт, келечекте тарых алдында, Кудай алдында жооп берип калабыз деп айтуу керек. Андан тайсалдабаш керек", - деди мамлекет башчы.