Депутат Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин жыйынында Жайыл районундагы төрөтканада төрөттөн каза тапкан келин тууралуу айтты.
Ал мында дарыгерлердин күнөөсү бар деп эсептейт.
"11-февралда Жайыл районундагы төртүнчү аймактык ооруканада 37 жаштагы келин каза тапты. Бул дарыгерлердин күнөөсүнөн болду окшойт. Келин 9 баланын энеси экен. Эми 9 бала энесиз калды. Буга чейин да төрөт убагында эгиздердин энеси каза тапкан", - деди Мажитовна.
Депутат Кыргызстан энелердин жана балдардын өлүмү боюнча алдыңкы позицияны ээлей турганын, буга чейин дагы көптөгөн ушуга окшош окуялар болгонун белгиледи жана ага карата чара көрүүгө чакырды.
"Саламаттыкты сактоо министрин чакыралы. Күнөөлүү дарыгерлерди жоопкерчиликке тартуу керек. Бул биз билген гана окуялар, билинбей калганы канча?" - деди ал.