Президент Садыр Жапаров профессионалдык даярдык жана квалификацияны жогорулатуу Институтунун базасында УКМКнын генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Академиясын түздү. 

Бул жарлыкка мамлекет башчы 2024-жылдын 30-январында кол койду. 

Чечим лууттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, башкаруучу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун бирдиктүү системасын түзүү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча илимий-изилдөө базасын кеңейтүү максатында кабыл алынды. 

Министрлер Кабинетине аталган жарлыктын негизинде чараларды көрүү милдети  тапшырылды. 

УКМКга УКМК Академиясын юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана Академиянын уставын бекитүү тапшырмасы берилди. 

Эске салсак, УКМКнын Академиясынын имаратын куруу 2022-жылы башталган. Аталган жылдын 3-мартында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев пайдубалына капсула таштаган.