Бишкек ЖЭБине 30 жылдан ашуун директор болуп турган Лев Васильев "АКИпресске" авария тууралуу пикирин айтып берген. Ал 1978-жылдан 2008-жылдын 18-августуна чейин директорлук кызматты аткарган. 

Ал бул боюнча кандайдыр бир жыйынтык чыгараардан мурда окуя болгон жерге барып, көрүп, андан кийин гана талкуу кылуу керектигин белгилеген. 

"ЖЭБ - деген ЖЭБ. Бул татаал, жогорку технологиялуу ишкана. Илгерки жылдарда дагы ал мамлекеттик райондук электростанцияларга тең келген. Жабдыктардын маанилүүлүгүн жана курамын эске алганда, бул татаал ишкана. Эгр мен окуя болгон жерде болсом, пикиримди айта алмакмын.

Мен ойлойм, ЖЭБде жакшы адистер бар. Алар тактап, этабы менен баарын ишке киргизишет. Бул жерде техникалык жактан эч кандай трагедия жок. Техника деген техника. Бардык нерсе болушу мүмкүн. Себептерин иликтеп көрүп аныкташат", - деген Лев Васильев. 

Ошондой эле ал ЖЭБдеги персоналдар профессионал болгондуктан, иш айтылган мөөнөттөн эрте бүтүшү мүмкүндүгүн белгилеген. 

"Бул 14үнчү гана казан. Ал жерде дагы 14төн 24кө чейин казан бар, ага бүгүнкү күндө иштеп жаткан кошумча жаңы технологиялуу кытай блогу бар. Интернеттен окуп, көргөндөрүм боюнча, ал жактагы адистер ишти 5-7 күнгө калтырбай тезирээк жасап, эртерээк ишке киргизе алышат", - деген. 

Ал эми бир казан иштен чыкса система нормалуу иштей алабы деген суроого, бул ал казандын иштен чыгышы кайсы бир коммуникацияга терс таасирин бербегенде, бардык казандардын бирдиктүү циклин бузбаганда гана болушу мүмкүндүгүн белгилеген.

"Мен азыр эч кандай паниканын кереги жок деп эсептейм. Кудай жардам берип, аба ырайы ушундай болуп турат. Станциянын аймагы персоналдарга толуп турган жумуш убактысынан кийин болгону да жакшы болду. Толук кандуу жооп берүү үчүн авария болгон жерди көрүү керек. Тажрыйбама таянып жана персоналдарды билген адам катары жооп берсем, балдар баарын жайына келтирет деп ойлойм. Албетте, бул татаал, кошумча чыгашаларды жаратат. Негизги корпус абдан катуу жабыркады деп айтып жатышат. Анын баары калыбына келет", - деген ал. 

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБде авария орун алды.