Жарандык активист Тимур Саралаев Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды.
ТЭЦ тууралуу ой жүгүрткөндөрдүн эсине алдын ала салып коеюн.
Бишкек ТЭЦ 1961-жылы курулуп, колдонууга берилген.
Кийин, АШАын убагында Кытайдан 386 миллион доллар кредит алып, ТЭЦти жаңылаган.
2018-жылы, кычыраган кышта ТЭЦте авария болгон.
ТЭЦти жаңылоодо коррупция болгону, Сапардын жана анын командасы келген 386 миллион доллардын 111 миллион долларын жеп койгону аныкталып, кылмыш иши козголуп, анын алкагында камалган. 2020-жылы баш аламандыктан пайдаланып түрмөдөн качып, чет өлкөгө чыгып кеткен.
Сапар Исаков жаңы ТЭЦ курууга жете турган каражатка эски ТЭЦти сапатсыз реконструкция кылган.
Учурундагы коррупциялашкан бийликтин кесепети дагы деле элге тийип жатат.
Салыштырып айтсак, ошол кезде Тажикстан 350 миллион долларга жаңы ТЭЦ курган.
АША бийлиги 386 млн$ Бишкектеги ТЭЦти түзүк жаңылап койгон эмес", - деп жазды.
Соңунда жарандык активист "АША тарапташтары капа болбогула", - деп кошумчалаган.