Президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды жеке көзөмөлүнө алганын мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал өлкө башчысына ЖЭБдеги авария тууралуу ошол замат кабар берилгенин белгиледи. 

"Президент кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюуну тапшырды. Жеринде министрлер кабинетинин жана компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жүрөт. Мамлекет башчысы кырдаалды жеке көзөмөлүндө кармап турат", - деди Алагөзов.