УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникаларды тапшыруу аземине катышты. 

Анда УКМК төрагасы мындан 10-15 жыл мурда өзү ӨКМ министри болуп турган кезинде азыркыдай техникалар болбогонун эскерди. 

"Аксы районундагы кырсыкта элди колубузга фара көтөрүп жүрүп куткарганбыз. Түнкү саат 11де 16 жаштагы кыздын сөөгүн алып чыгуу учурунда фараны колубузга кармап жарык бергенбиз. Азыр эми заманбап фаралар алынып келинди. Бул жарандарды тез куткарып, тезирээк жардам берүүгө шарт түзөт", - деди Ташиев.