Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ӨКМга техникаларды тапшырып жатып, "мамлекеттин буюмун аяр колдонууга" чакырды. 

"Ар бир алынган техникаларга GPS орнотулсун, эч ким аны жеке кызыкчылыгына, максаттарына пайдаланбасын. Мамлекеттин буюмун кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланууга эч качан жол берилбейт! Мамлекет алып бере берет дебестен, техникаларга аяр мамиле жасалып, мамлекеттик мүлккө болгон мамилелер жакшырууга тийиш", - деди Ташиев.