Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңеште мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Жыйынга убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу баштаган депутаттар Султанбай Айжигитов, Жанарбек Акаев, Эмиль Токтошев, Алишер Козуев жана эксперттер катышты.

Отурумдун жүрүшүндө депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу анын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулунун маалыматы угулду. 

Ал белгилегендей, комиссия түзүлгөн 2023-жылдын июнь айынан бери 6 жолу отурум өткөрүлүп, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар түзөтүү мекемелерине, тергөө абактарына жана убактылуу кармоочу жайларга кыдыруу уюштурулган. Комиссиянын кароосуна бул багытта 100дөгөн арыз келип түшкөн. 

«Өзгөчө оор беренелер менен соттолгон жарандар арасында акыркы 5 жылда жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганы боюнча бир катар фактылар бар.  Муну менен катар тергөөсү бүтпөй, бир жылдан ашык кармалып турган айыпталуучулар да жок эмес. Комиссия өз чечиминде жогорудагы фактыларга тиешелүү органдардын көңүл буруусун жана мыйзам чегинде чара көрүүсүн белгилейт», -деди Ж.Коргонбай уулу. 

Депутат Султанбай Айжигитов жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу багытындагы мыйзамсыздыктарды болтурбоо максатында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.