27-январь күнү Бишкек шаарындагы №46 мектептин жанынан 50-55жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милиция бөлүмүнөн билдирди.
Каза болгон адам 1962-жылы туулган А.М аттуу жаран болгону аныкталган. Текшерүү учурунда анын денесинде жаракаттар аныкталган эмес.
Аталган факт боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган