Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 18-январда тишин дарылатуу учурунда чарчап калган 3 жаштагы кыздын жакындары менен жолугушту. 

Эске салсак, тиш дарылоо И.Ахунбаев атындагы Медициналык Академиянын медициналык борборундагы стоматологиялык бөлүмдө болгон. 

Алымкадыр Бейшеналиев кыздын жакындарына көңүл айтып, маселелерин укту. Ошону менен катар, аталган борбордун директору, башчысы, кыздын тишин дарылоого катышкан анестезиолог жана стоматолог жумуштан бошотулганын билдирди. 

Ал күнөөлүүлө мыйзам чегинде жазага тартылаарын белгиледи. Айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги комиссия түзгөн, анын жыйынтыгында андан аркы чечим чыгаруу үчүн укук коргоо органдарына сунуштама берилет. КММАнын медборборунун стоматологиялык бөлүмү жабылган.