24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыгышты.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Согушту пропагандалоо" беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп беришкенин айтышты.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Согушту пропагандалоо" беренеси боюнча тергелип жатат.  

Былтыр сентябрда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгон.