“Общака” деп аталып, баңги каражаттарын ташуу жана сатуу менен алектенген каналы аныкталып жана токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган канал Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесинин кызмат адамдарынын камкордугунда иш алып барган.
Такталгандай, бул кылмыш схемасы КР Юстиция министрлигинин Ош шаарындагы ЖАК №25 мекемесинде кармалгандар - Кыргыз Республикасынын жараны «А.Т.» жана Тажикстан Республикасынын жараны «Г.Г.» («Дженго» деген каймана ат менен белгилүү К. Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү) тарабынан уюштурулгандыгы, атайын мекеменин жетекчилигинин макулдугу менен аракеттендиги аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин алкагында кылмышка шектүү катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош шаардык ЖАКнын №25 мекемесинин башчысы «Ж.У.», мекеменин башка жооптуу кызматкерлери менен жен учунан сүйлөшүп алып, атайын мекеменин аймагына баңги заттарды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн системалуу түрдө гонорар алып турган.
Азыркы схема боюнча, Тажикстан Республикасынын жараны «Г.Г.», Тажикстан Республикасынын Согди облусундагы өз каналдары аркылуу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАК Ош шаарындагы №25 мекемесинде иши тергелип жаткан, камакка алынган жана соттолгон адамдарга наркотикалык каражаттарды өткөрүп берүү жана сатуу үчүн ай сайын жеткирүү каналдарын уюштурган. Наркотикалык каражаттардын сатуусунан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №25 мекемесинин башчысы «Ж.У.» жана «положенец» деп аталган «А.Т.» жана башка баңгиканалдарынын башка катышуучуларына бөлүшүрүлгөн.
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын Ош шаарындагы №25 мекемесине баңгизаттарды өткөрүү аракети учурунда, тамак-аш азыктарынын арасына катылган 1 кг салмактагы «ооган гашиши» табылып алынган.
Мындан сырткары, Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери тарабынан 25-тергөө камак жайга баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган И.М., С.А., К.А. жана К.А. аттуу жарандар кармалды. Кармалган И.М. жана К.А. жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош шаарындагы ЖАК №25 мекемесине өткөрүп берүү жана сатуу үчүн арналган, жалпы салмагы 1,3 кг болгон «ооган гашиши» түрүндөгү баңги заты табылган.
КР УКМК жана Ош шаардык ИИБ менен биргеликте, белгиленген кылмыштуу схемага катышкан камактагылардын камераларында тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттары жана башка тыюу салынган буюмдар (уюлдук телефондор, заряддоочу түзүлүштөр, бычактар) табылып алынган.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош шаардык ЖАКнын №25 мекемесинин башчысы «Ж.У.» КР УКМКтергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү - И.М., С.А., К.А. жана К.А. Ош шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
КР УКМК Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен тыгыз кызматташтыкта баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштерин улантууда.