Россияда кыргыз айдоочулук күбөлүгүнө байланышкан маселе жаралып жатат. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
Айтымында, кыргызстандык депутаттар Россиянын Мамдумасынын депутаттары менен жолугушуп, кыргыз үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүгү бар мигранттарга Россияда автоунаа айдоого тыюу салган мыйзам долбоорун талкуулашкан.
"Биздин Россиядагы кесиптештер жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Эми биздин мигранттар кыргызстандык айдоочулук күбөлүгү менен машина айдай алышпайт. Биздин жарандарыбызга бизге бул маселени чечүүнү суранып кайрылышкан. Биз президенттин жээни дагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн Россияда сынактан беш жолу тапшырып өтө албай калганын айттык. Мамдумадагы кесиптештер кимдер чындап күбөлүк алганы боюнча тизме берүүнү суранышты. Көрсө, биздин айдоочулук күбөлүктөрдү Москвада жасап, сатып жатышыптыр", - деди Маматалиев.